Кардарга жана анын бизнесине мониторинг жүргүзүү системасы, учурдагы кырдаалга жана өнүгүү келечегине баа берүү, ошондой эле карыз алуучу боюнча тобокелдиктердин жогорулоосу жана/же кредитти төлөөгө байланыштуу көйгөйлөр тууралуу алгачкы коңгуроо сигналдары пайда болгон учурда чараларды көрүү мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды болтурбоо үчүн финансылык уюмдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. «Карыз алуучуларга мониторинг жүргүзүү жана көйгөйлүү кардарлар менен иштөө» курсу ушул темага арналган. 

Курстун өзүнчө блогу келген экономикалык кризистин же жалпы экономикалык төмөндөөнүн шартында карыз алуучулар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн карайт.

Курс кредит алуучулар – чакан бизнестин өкүлдөрү менен иштеген финансылык уюмдардын адистеринин жана орто звенодогу менеджерлеринин кеңири чөйрөсүнө арналган.

Бул курсту өткөндөн кийин, сиз:

  • мониторинг жүргүзүүнүн ар кандай ыкмалары менен таанышасыз;
  • кредитти кайтарбоо тобокелдиктери жөнүндө кандай алгачкы сигналдар бар экенин, аларды кантип таануу керек жана алар аныкталса кандай аракеттерди көрүү керектигин билесиз;
  • көйгөйлүү карыз алуучулардын ар кандай түрлөрү менен таанышасыз;
  • көйгөйлүү карыз алуучулардын ар кандай түрлөрүнө карата кандай чараларды колдонуу ылайыктуу экенин билесиз;
  • келген экономикалык кризистин же финансылык уюмдардын аймактык бөлүмдөрүнүн деңгээлинде болуп жаткан жалпы экономикалык төмөндөөнүн шартында кардарлар менен иштөө алгоритмин изилдейсиз.

Финансылык уюмдардын реалдуу практикасынан алынган мисалдардын негизинде түзүлгөн практикалык мисалдарды карап, билимиңизди бекемдейсиз.

Курс 5 сабактан турат. Курсту аяктаганда сизге финалдык тестирлөөдөн өтүү сунушталат, анын жыйынтыгы боюнча курсту аяктагандыгы жөнүндө электрондук күбөлүк калыптандырылат. 

Курстун орточо узактыгы 3-4 жуманы түзөт. Сабактар орточо 45 мүнөттүк иштөөгө эсептелген. Жумасына бир, эң көп дегенде эки сабак окуп-изилдөө сунушталат.