«Микрокредиттөөнүн негиздери» курсу микро ишканаларды тейлөөгө катышкан финансылык институттардын кызматкерлери үчүн иштелип чыккан.

Тематикалык жактан алганда, курс маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо, маалыматтарды кайчылаш текшерүү, жыйынтыктарды калыптандыруу жана кардардын реалдуу финансылык абалын баалоо сыяктуу темалар боюнча билимдерди берүүгө багытталган. 

Бул курсту окуп бүткөндөн кийин катышуучулар төмөнкүлөргө үйрөнүшөт:  

  • микро ишканалардын негизги мүнөздөмөлөрүн түшүнүү, бул аларга чарбалык ишмердикке сапаттуу талдоо жүргүзүүгө жардам берет;
  • маалыматтарды жыйноо жана алуу методологиясын колдонуу; 
  • талдоонун жүрүшүндө алынган маалыматты чагылдыруу жана иштеп чыгуу үчүн негизги финансылык отчетторду колдонуу: Баланс, ПЧО, Cash Flow, коэффициенттер;
  • микро сегменттин кардарларынын бизнес ишмердигин баалоо үчүн зарыл болгон финансылык отчетторду түзүү: Баланс, ПЧО, Cash Flow;
  • маалыматтарды кайчылаш текшерүү жана салыштырма талдоону жүргүзүү;
  • карыздарга өз убагында жана сапаттуу мониторинг жүргүзүү. 

Курста теориялык блоктор, видео жана аудио материалдар, интерактивдүү анимациялар, практикалык мисалдарды карап чыгуу, темалар боюнча өзүн-өзү текшерүү тапшырмаларды аткаруу жана сабактарда каралган отчеттордун формаларын онлайн толтуруу аркылуу темаларды окуу каралган. 

Курс 7 теманы камтыган 12 сабактан турат.  

Курсту окуунун орточо узактыгы 6-8 жума. Сабактар орто эсеп менен 45 мүнөт иштөөгө ылайыкталган. Жумасына бир, эң көп дегенде эки сабак окуу сунушталат.