• Schedule
  • Resources
  • My courses
  • Русский
  1. Home
  2. Описания онлайн курсов
ready
Filters

OL1905-KY Коммуникациянын негиздери

Сиз, балким, коммуникациялык тренинг эмнеге керек  экенин ойлонуп жатасыз. Кантсе да, биз дээрлик бүт өмүрүбүздү социалдык чөйрөдө өткөрөбүз, ошондуктан аны кантип жасоону билебиз деп ишенебиз.
Бирок, коммуникация көндүмдөрүн тигил же бул формада окутуу финансылык институттардын кызматкерлери өтүшү керек болгон окутуунун милдеттүү бөлүгү болуп саналат. Бул эмне үчүн керек?

Себеби жөнөкөй: баарыбыз күн сайын баарлашканыбыз менен, бул баарыбыз бирдей жакшы жана натыйжалуу баарлашабыз дегенди билдирбейт. Көпчүлүгүңүз бала кезиңизде "бузулган телефон" ойногонсуз жана дээрлик бардыгы сиздин сөздөрүңүз же сырткы келбетиңиз туура эмес түшүнүлүп, чечмеленген жагдайларга туш болушкан.

Финансылык мекемедеги сиздин  жумушуңуздун бир бөлүгү кардарлар менен иштөө. Бул жөнөкөй сезилет, бирок чындыгында - сиз буга чейин балким түшүнгөндөй - кардарлар менен натыйжалуу баарлашуу алгач көрүнгөндөн  алда канча татаал. 

Бул курстун максаты - ийгиликтүү жана натыйжалуу баарлашуу үчүн маанилүү болгон коммуникациянын негиздери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.

Курстун аякташы боюнча  сиз башкалар менен кантип тил табышуу керектигин, түшүнбөстүктөрдөн кантип сактануу керектигин жана маалыматты натыйжалуу алуунун жана жеткирүүнүн ар кандай ыкмаларын үйрөнөсүз.

Албетте, коммуникация  принциптери универсалдуу мүнөзгө ээ, ошондуктан аларды ушул курста үйрөнүү менен сиз аларды өз ишиңизде гана эмес, баардык байланыш кырдаалдарында колдоно аласыз.

Курстун орточо узактыгы 2-3 жума. Сабактар орто эсеп менен 45 мүнөт иштөөгө ылайыкталган. Жумасына бир, эң көп дегенде эки сабак окуу сунушталат. 

OL1903-KY Карыз алуучуларга мониторинг жүргүзүү жана көйгөйлүү кардарлар менен иштөө

Кардарга жана анын бизнесине мониторинг жүргүзүү системасы, учурдагы кырдаалга жана өнүгүү келечегине баа берүү, ошондой эле карыз алуучу боюнча тобокелдиктердин жогорулоосу жана/же кредитти төлөөгө байланыштуу көйгөйлөр тууралуу алгачкы коңгуроо сигналдары пайда болгон учурда чараларды көрүү мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды болтурбоо үчүн финансылык уюмдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. «Карыз алуучуларга мониторинг жүргүзүү жана көйгөйлүү кардарлар менен иштөө» курсу ушул темага арналган. 

Курстун өзүнчө блогу келген экономикалык кризистин же жалпы экономикалык төмөндөөнүн шартында карыз алуучулар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн карайт.

Курс кредит алуучулар – чакан бизнестин өкүлдөрү менен иштеген финансылык уюмдардын адистеринин жана орто звенодогу менеджерлеринин кеңири чөйрөсүнө арналган.

Бул курсту өткөндөн кийин, сиз:

  • мониторинг жүргүзүүнүн ар кандай ыкмалары менен таанышасыз;
  • кредитти кайтарбоо тобокелдиктери жөнүндө кандай алгачкы сигналдар бар экенин, аларды кантип таануу керек жана алар аныкталса кандай аракеттерди көрүү керектигин билесиз;
  • көйгөйлүү карыз алуучулардын ар кандай түрлөрү менен таанышасыз;
  • көйгөйлүү карыз алуучулардын ар кандай түрлөрүнө карата кандай чараларды колдонуу ылайыктуу экенин билесиз;
  • келген экономикалык кризистин же финансылык уюмдардын аймактык бөлүмдөрүнүн деңгээлинде болуп жаткан жалпы экономикалык төмөндөөнүн шартында кардарлар менен иштөө алгоритмин изилдейсиз.

Финансылык уюмдардын реалдуу практикасынан алынган мисалдардын негизинде түзүлгөн практикалык мисалдарды карап, билимиңизди бекемдейсиз.

Курс 5 сабактан турат. Курсту аяктаганда сизге финалдык тестирлөөдөн өтүү сунушталат, анын жыйынтыгы боюнча курсту аяктагандыгы жөнүндө электрондук күбөлүк калыптандырылат. 

Курстун орточо узактыгы 3-4 жуманы түзөт. Сабактар орточо 45 мүнөттүк иштөөгө эсептелген. Жумасына бир, эң көп дегенде эки сабак окуп-изилдөө сунушталат.

OL1907-RU Принятие решений по кредитам

 Курс "Принятие решений по кредитам" разработан для сотрудников финансовых учреждений принимающих решения по кредитам для микро, малых и средних предприятий (ММСП). Также этот курс будет полезен другим участникам процесса кредитования.

В курс на системной основе, поэтапно подаются все знания, необходимые для эффективной работы члена кредитного комитета по кредитам ММСП.

 Пройдя курс, вы будете знать и понимать:

  • содержание процесса принятия решений для разных сегментов ММСП и его особенности;
  • ключевые моменты, на которые нужно обращать внимание на начальном этапе работы над кредитным заявкой;
  • почему и когда применяются стоп-факторы;
  • оценивать качество проведенной перепроверки информации о клиенте;
  • важность проверки как финансовой, так и не финансовой информации о клиенте;
  • как анализировать кредитные заключения и первичные документы с целью выявления кредитных рисков;
  • как оценивать кредитные риски клиента;
  • как принимать решения по кредитам;
  • как структурировать кредитную сделку.

 Курс состоит из 6 уроков. По окончании курса вам будет предложено пройти финальное тестирование и по результатам теста будет сформировано электронное свидетельство об окончании курса.

Средняя продолжительность изучения курса 3-4 недели. Уроки рассчитаны в среднем на 45 минут работы. Рекомендуется изучение одного, максимум двух уроков в неделю.

OL1907-EN Making decisions on MSE loan applications

Do you take part in credit committees on loans for micro, small, and medium-sized enterprises (MSMEs)?

Are you planning to be involved in decision making on MSME loans in the near future?

Are you involved in decision making for different small business segments?

The course "Making decisions on MSE loan applications" has been designed for employees of financial institutions who make decisions on loans for MSMEs. This course would also be useful for other participants of the lending process.

The information required for effective work of a credit committee member on MSME loans is presented in the course in a systematic, step-by-step manner.

Upon completion of the course, you will learn and understand:

  • the components of the decision making processes and their specifics for each of the MSME segments;
  • the key aspects to be taken into consideration at the initial stage of working on a loan application;
  • why and when stop factors should be applied;
  • how to review the quality of client information;
  • the importance of reviewing both financial, and non-financial information on the client;
  • how to analyse loan resumes and initial documents with an aim to identify credit risks;
  • how to assess the client’s credit risks;
  • how to make lending decisions;
  • how to structure a loan transaction.

The course consists of six lessons.

Upon completion of the course, you will be offered a final test. Based on the test results, an electronic certificate of the course completion will be issued.

The average duration of the course is 3-4 weeks. Each lesson takes 45 minutes on average. We recommend studying one or maximum two lessons per week.

Page 14 of 17

  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
Top

All data collected through this website are not transferred to third parties.

Terms of use | Personal data policy | Disclaimer

  • ABOUT US
  • TECHNICAL CONDITIONS
  • CONTACTS
  • QUESTIONS AND ANSWERS

111 Gogol street, office 219
A05C9Y3, Almaty, Kazakhstan
Tel: +7 727 244 8260 (available for messaging and call via WhatsApp)
E-mail: This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

All rights reserved © 2022 Regional Small Business Programme for Central Asia